Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

Баткен областтык гезитинин башкы редактору айыпка жыгылды


БАТКЕН. 23-август күнү Баткен райондук соту, облустук “Баткен таңы” гезитинин үстүнөн дүйшөмбү күнү башталган сот жараянын улантты. Сот жараянына гезиттин апрель айындагы бир санына жарыяланган “Ректор же БатМУдагы пикир келишпестиктер” деген аталыштагы макала себеп болгон. Макаланын автору, БатМУнун мурдагы проректору Базарбай Тагаев сот жараянына катышкан жок. БатМУнун ректору Илимидин Абдурасулов, жогоруда айтылган макалада анын ишкердик беделине жана ар намысына доо келтиргендиги үчүн редакциядан жана башкы редактор Адылбек Акматовдон 200 миң сомдон өндүрүп берүүнү суранган. Бул ишти караган райондук сот БатМУ ректоруна облустук гезитттин башкы редактору Адылбек Акматов 5 миң сом, макала автору Базарбай Тагаев 7 миң сом төлөп берсин жана гезит бетинен кечирим суралсын деген чечим чыгарды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG