Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Жалалабаттын губернатору журналисттер менен жолугушту


ЖАЛАЛАБАТ. Маалымат каражаттарынын азыркы милдеттерине токтолгон губернатор Жусупбек Жээнбеков жолугушууга катышкан журналисттерге Аскар Акаевдин учурундагыдай кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын жактабастан, болгон окуя, фактыларды өзүндөй кылып чагылдырууга чакырды. Коррупцияга каршы күрөшүүдө бийликке жардам берүүнү жана кемчилик кетирген жетекчилерди, айрыкча зарыл учурда губернаторду да сындоону белгиледи. Облустун тынчтыгына Жалалабат пахта заводундагы башаламандык, облустук токой чарба жана башка ишканаларда кызмат талашуу тескери таасир тийгизип жаткандыгын айтты. Маалымат өкүлдөрү “Кыргыз почта” ишканасынын гезит сатуу акыларын көптөн бери төлөбөгөндүктөн карызы көбөйгөнүн жана унаа каражаттарында акысыз жүрүү маселесин кайра караштыруу сунушун ортого салышты. Маалымат каражаттары өкмөттүк колдоодон ажыратылса, басылмалар үчүн кыйла кыйынчылык түзүлөрү белгиленди. Мындай маалымат 23-августта облустук бийликтин маалымат борборунан алынды.

XS
SM
MD
LG