Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. 23-августта өлкөдөгү бир катар бейөкмөт жана укук коргоо уюмдары Конституциялык реформага байланыштуу президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, саясий партияларга, атуулдук коомдун өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Анда Кыргызстандагы Конституциядык реформа элдин кызыкчылыгында, демократияны, укуктук мамлекетти куруу максатында жүргүзүлүүгө тийиш экендиги тууралуу айтылган. Кайрылуу ээлеринин пикиринде, Конституциялык реформа өлкөнүн бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарын тең бөлүүнү көздөшү жана Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоого бийлик тарабынан саясий кысым көрсөтүлүшүнө жол берилбеши керек. Конституциялык кеңешме өз ишин ачык-айкын жүргүзүп, коомчулукка, эл аралык эксперттерге ачык болушу зарыл. Ага «Юристтер ассоциациясы», «Кылым шамы» бейөкмөт уюму, Регионалдык изилдөө институту жана башка укук коргоо уюмдар кол койгон.

XS
SM
MD
LG