Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Мөөнөтү бүткөн аскерлер жоокердик милдеттен бошотулат


БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан аскердик жана альтернативдик кызматтын белгилеген мөөнөтүн өтөп бүткөн кызматкерлерди бошотуу, ошондой эле 2005-жылдын октябрь айынан баштап декабрга чейин 18 жашка толгон жарандарды аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндөгү жарлыкка президент Курманбек Бакиев 22-августта кол койду. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, өлкө аймагынан жылына 18 жашка толгон 6 миңге чукул уландар аскердик кызмат өтөөгө алынып, 10 миңдей улан альтернативдик кызмат өтөөгө чакыртылат.

XS
SM
MD
LG