Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Топчубек Тургуналиев Башкы прокуратурага кайрылды


“Саясий себептер менен 1996-97-2000-жылдары жалпы мөөнөтү 28 жылга мыйзамсыз эркимен ажыратууга чечим чыгарып, 1184 күн түрмөгө негизсиз отургузгандыгы үчүн жыйырмадан ашуун судья, прокурорлордун үстүнөн кылмыш козгоону өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылдым”, - деп билдирди 23-августта ”Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев. Ал өзүнүн Конституциялык укугунан пайдаланып, бүгүнкү жана келечектеги мамлекеттик жетекчилер бир дагы адамды себепсиз “чекеге чертпей” турган, адамдын укугун жана эркиндигин коргой турганга сабак болсун деп ушундай кадамга барып жатканын да кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын 5-августунда Топчубек Тургуналиевди Жогорку сот негизсиз соттолгон деп таап, толук актаган.

XS
SM
MD
LG