Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Паспорт маселеси жыл аягына чейин чечилиши мүмкүн


БИШКЕК. Кыргызстанда паспорт кризиси уланууда жана жыл аягына чейин бул маселенин чечилиши күтүлүүдө. Паспорттук-визалык иштер боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Эрмек Арапбаев 23-августта билдиргендей, жаңы паспортту даярдоо боюнча тендер аягына чыгып калды жана жакында анда жеңип чыккан компания расмий жарыяланат. Азыр болсо, өлкөдө 2004-жылкы үлгүдөгү паспорттор АКШга жана Канадага кызмат жумуштары менен, дарыланууга чыккандарга, чет өлкөлөргө окууга кетип жаткан жаштарга берилүүдө. Бүгүнкү күндө 9 миңге жакын жаңы үлгүдөгү паспорт бар. 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттордун жарамы 2007-жылга чейин узартылган. Ички иштер министрлигинин маалыматтарына ылайык, учурда өлкөдө паспортко муктаж 370 миңге жакын адам бар.

XS
SM
MD
LG