Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Жогорку Кеңешти таратууга 50 миң кол топтолду


БИШКЕК. Жогорку Кеңешти таратууга макулдугун билдиришкен 50 миң адамдын колу топтолду. Бул иш чара октябрь айынын аягына чейин улантылат. “Эркиндик” партиясынын мүчөлөрү эки ай аралыгында 300 миң атуулдун колун топтоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу аталган партиянын жетекчиси Топчубек Тургуналиев 23-августта билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанды алдыга жылдыруу максатында мурдагы башкаруу бийлик бутактарын, сот системасын түп тамырынан бери реформалоо керек. Жогорку Кеңеш тууралуу Тургуналиев буларга токтолду:

-Бүгүнкү Жогорку Кеңеш Акаевдердин ойу боюнча түзүлгөн. Бул чөнтөк парламент. Бул парламентке Акаев өзүнүн балдарын өткөргөн, жыйырмадан ашуун “Алга Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүн өткөргөн. Ошолордун басымдуу бөлүгү отурат.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңешти бийликтин башка бутактарындай күчтөп, ага тиешелүү укуктарды берип, мыйзамды көз карандысыз чыгарууга шарт түзүп, пропорционалдык системага өткөрүү керектигин маалымдады. Ал эми спикер Өмүрбек Текебаев кол топтоо демилгеси ар бир адамдын Конституциялык укугу экендигин белгилеп, эгерде Жогорку Кеңешти таратуу боюнча тиешелүү кол топтолсо жалпы элдик референдумга коюлуп, чечилээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG