Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Tанаевге коюлган күнөөлөр негизсизби?


БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаевге Башкы прокуратура тарабынан коюлган күнөөлөр негизсиз. Мындай пикирин Танаевдин адвокаты Максим Максимович 23-августта «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде билдирди. Анын айтымында, Танаевдин үстүнөн козголгон кылмыштар боюнча Башкы прокуратуранын тергөө иштери акыйкат жургүзүлүүдө жана анын жыйынтыгында Танаевге коюлган айыптар тастыкталбайт. Экс-премьер-министр билдиргендей, анын Кыргызстанда эч кандай менчиги жок. Башкы прокуратура экс-премьер-министрге ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекетик каражаттарды өз кызыкчылыгында сарптаган деген күнөөлөрдү койууда. Бул күндөрү Танаев Башкы прокуратурада ага коюлган айыптар боюнча сурак берип жатат. Николай Танаев 2002-жылдын май айынан 2005-жылдын 23-мартына чейин премьер-министр болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG