Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:22

КАЗАН ШААРЫ 1000 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ ДЭЭРЛИК ДАЯР


Төрөкул Дооров, Прага Ушул күндөрү Татарстанда баш калаа Казан шаарынын 1000 жылдык мааракесине карата соңку даярдык иштери жүрүп жатат. Майрамдын алкагында 26-27-август күндөрү Казанда Шериктештиктеги Көз карандысыз Мамлекеттердин президенттеринин саммити өтөт.

Жалпысынан, Казанда 1000 жылдыкка даярдык иштери бүттү деп айтканга болот. Бул тууралуу өткөн жумада шаардын мэри Камил Исхаков кабарлады. Акыркы алты жыл бою Казанда мааракеге даярдык иштери көрүлүп келди. Аларды баштоо жөнүндө буйрукту 1999-жылы Орусиянын президенти Борис Ельцин берген. Ага чейин окумуштуулар Казан 1005-жылы Татарстандын борбор калаасына айланганын айтышкан.

2001-жылы Казандын 1000 жылдыгына карата даярдык иштери үчүн федералдык казынадан 30млрд.рубль бөлүнгөн. Анын эсебинен шаарда бир катар ири объектилер курулду. Алардын катарында көңүл ачуучу жайлар, маданий жана спорттук комплексттер, музейлер менен театрлар, ооруканалар менен мечиттер жана чиркөөлөр бар.

Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев орусиялык “Маяк” радиостанциясына айтканга караганда, акыркы жылдары чындап эле шаар жаңыланды:

- Акыркы мезгилдерде, утуру белгиленген дата жакындаган сайын, бизде кандай өзгөрүүлөр орун алып жатканы даана көзгө урунат. Анан чындап эле элдин аракети канчалык болуп жатканына түшүнөсүң. Анын үстүнө, Казан акыркы ондогон жылдар бою көңүл жаздымында калып келди. Анткени биз башка жерлерде шаарларды, мунай казылып алынчу шаарларды куруу менен эле алек болуп келдик. Андыктан, бизде баш калаабызды оңдоого түзүлгөн ушул мүмкүнчүлүктүн пайда болгону биз үчүн чоң бакыт. Биз эми кайрадан унутта калган шаарыбызды өнүкүтүрүүгө киришебиз.

Негизги майрамдык иш-чаралар 30-августка белгиленген. Бул күнгө карата Казандагы кремлдин, Казан мамлекеттик университетин, шаардык кеңештин имараттарын ремонттоо иштери бүтүшү керек. Мэр Исхаковдун айтымында, бул майрамга карата шаардыктарга тартууланчу негизги белек – Казанда алгачкы метро станцияларынын ачылышы болот. Узундугу 8 чакырымдай аралыктагы метронун ачылыш аземи 27-августка белгиленген.

Казандын 1000 жылдык мааракесинин алкагында 26-августта КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин саммити ишин баштайт. Республика президенти Минтимер Шаймиевдин айтымында, ага КМШга кирген дээрлик баардык мамлекеттердин башчылары катыша тургандыктарын билдиришти. Казан мэри Камил Исхаков билдиргендей, саммитте балким, Армения менен Азербайжандын президенттери Тоолуу Карабак проблемасын да талкуулашышы мүмкүн.

Ушундан улам, акыркы күндөрү Казанда коопсуздукту күчөтүү чаралары көрүлө баштады. Орусиянын Ички иштер министрлиги шаарга кошумча 7 миң аскерди жиберген. Алар ушул күндөрү машыгууларды өткөрүп, аймак менен таанышып жатышат. Шаарда адамдардан паспорт текшерүү күчөгөндүгү байкалды. Айрым тургундар бул өңдүү текшерүүлөр аларга кыйынчылыктарды жаратып жатышканын айтышууда:

- Айрымдарды жумуштарына киргизишпей жатышты. Менимче, бул ашыкча эле чаралар болду. Анктени баардык эле тургундар жекшембиде дем алышпайт. Машыгуулар, албетте жакшы, бирок алар адамдарга иштегенге, жашаганга тоскоол болбошу керек, - дейт казандык бир жигит.

Майрам күнү Казанда коопсуздукту жана коомдук тартипти 15 миңдей милиция кызматкерлери менен аскерлер камсыз кылышмакчы.
XS
SM
MD
LG