Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН БААСЫ КЫРГЫЗСТАНДА ДА КЫМБАТТАЙТ


Кыргызстан жылына орто эсеп менен 500 миң тонна күйүүчү майды керектейт. Анын 382 миң тоннага жакыны мыйзамдуу негизде ташылып, калганы аткезчиликтин эсебинен жабылат. Жаамы дүйнөдө мунай баасынын кымбатташынан улам, Орусия менен Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май ташып келүүчүлөр майдын баасы кымбаттай турганын айта башташты.

Адистердин тили менен айтканда, тунук мунайдын – бензин менен дизелдик күйүүчү майдын баасы сентябрь айында А – 76 бензиндин баасы 17 сом 30 тыйынга, АИ – 95 бензиндин баасы 21 сомго чыга турганын эмитен эле айта башташты. Антишке дүйнөдө бензин баасынын оңбогондой көтөрүлүп кеткени, Орусия менен Казакстандын мунай иштетчү заводдорунун продукциясынын кымбаттап кетиши менен түшүндүрүшүүдө.

«Мунай мырза» жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Улан Базаркулов өзгөчө дизелдик күйүүчү майдын баасы кымбаттайт, деп маалымдады:

- Дизелдик күйүүчү май кымбаттайт. Солярка - биздин эң оору жерибиз. Мына акыркы партияны 430 доллардан алдык.

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетовдун айтымында, Кыргызстан үчүн ушу тапта Орусия, Казакстандагы мунай иштетчү заводдор менен байланышты бекемдеп, аны өкмөттүк деңгээлге чыгаруу маанилүү.

- Эң негизги маселе, мына ушул мунай продуктылары боюнча Казакстан, анан Орусия менен жакшы мамиле түзүш да. Алардын мунай иштеткен заводдору менен көп жылдан бери иштейбиз. Ошолор менен биздин тыгыз байланыш күчөш керек. Ошону биз мамлекет аралык маселеге көтөрүп чыгып, байланышты күчөтүп, туруктуу көлөмдөгү бензин, дизелдик күйүүчү майды алып камсыздандырышыбыз керек.

Кыргызстандын бажы кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы 382 миңге жакын тонна күйүүчү май ташылып келинген. Бир жыл мурда ачык ташылып келинген күйүүчү майдын көлөмү 250 миңдин тегерегинде болчу. Өлкө керектөөчү күйүүчү майдын калганын аткезчилик менен алынып келинген бензин, дизел күйүүчү майы түзөт.

2004-жылы Кыргызстандын бюджетине күйүүчү май ташып келүүчүлөр 1 миллиард 290 миллионго жакын сом акчаны салык катары төлөшкөн.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалымдашынча, күйүүчү май аткезчилигинен Кыргызстан күн сайын 1 миллион сом акча алалбай калууда. Аткезчилер АИ – 80 бензиндин 1 литрин 13 сомдон, дизелдик күйүүчү майдын 1 литрин 15 сомдон сатышууда. Ачык иштеген операторлор алар менен азырынча атаандаш боло алышпайт.

- Биздин түштүктө аткезчилик менен күйүүчү май ташуу аябай өнүккөн да. Ал жерде, мен так билбейм, бирок жарымынан көбү контрабанда,- дейт Базарбай Мамбетов.

Казакстан менен Өзбекстандан агылып келип жаткан күйүүчү майлардын жолун тосуу амалында Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы жаңы өкмөткө жергиликтүү салык өлчөмүн азайтуу, аткезчилерди кармаган мыйзам коргоо орган кызматкерине ташылып келаткан күйүүчү майдын 40 пайызын калтыруу, жашырын кабарды жеткирген адамга да ошончо эле өлчөмдө материалдык колдоо көрсөтүү, калган 20 пайызын мамлекеттин эсебине чегерүү сунушун билдирип, күйүүчү майды республикага темир жол аркылуу гана ташып кирүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Базарбай Мамбетов буга чейин айрым компаниялар күйүүчү май ташып келүүдө өкмөт тарабынан жеңилдикке ээ болуп, бирөөлөрү эркин экономикалык аймак аркылуу иш жүргүзүп, салыктан качып келсе, эми андай жеңилдиктер бир да ишкерге берилбейт, деп билдирди. Нефтетрейдерлер ассоциациясы мамлекеттик стратегиялык резерв фондун түзүү, ага 20 миң тонна бензин, ошончо эле өлчөмдө дизелдик күйүүчү майды сактап туруу зарылдыгын айтышууда.

Стратегиялык запасты түзүү зарылдыгын Кыргызстан Орусия менен Казакстандагы мунай иштетчү заводдордун күйүүчү майды чыгарбай коюшкан чагында жонтериси менен сезип келатат. Үмүт арткан эки заводдун – Канттагы жана Жалалабаддагы мунай иштетчү ишканалардын да чама-чаркы чакталуу. Өзбекстандан жашыруун ташылган күйүүчү майдын баасы Жалалабаддагы мунай иштетчү заводду оор экономикалык абалга капталтты. Канттагы чакан заводдун 50 тонна күйүүчү майы өтөле аз. Ошондон нефтетрейдерлер ассоциациясы чийки мунай сатып алып, аны Казакстандын Шымкент мунай иштетчү заводуна ташып келип, ошол жерден иштетүүгө кызыкдар. Азырынча ага жаңы өкмөт өз мамилесин билдире элек.
XS
SM
MD
LG