Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

17-ИЮНДАГЫ ОКУЯГА САЯСИЙ БАА БЕРИЛДИ


Азиза Турдуева, Бишкек 24-августта өлкөнүн коопсуздук кеңешинде 17-июндагы окуяга саясий баа берилди. Жыйында президент Курманбек Бакиев ал күнү «барыктабасовчулар» бийликти күч менен алууну көздөгөн деген пикирин билдирди. Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов болсо, бул акцияны уюштургандар жазага тартылышы керек деген пикирде. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 17-июнда төңкөрүш жасоого алдын-ала план түзүлгөн эмес деген ойдо.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында адегенде президент Курманбек Бакиев 17-июндагы окуяга байланыштуу сөз сүйлөдү. Президент белгилегендей, бул күнү «Мекеним - Кыргызстан» кыймылынын башчысы Урмат Барыктабасов жеке кызыкчылыктарын көздөп, бир катар саясатчылардын колдоосу менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү, күч менен бийликти ээлеп алуу жана Конституциялык түзүлүштү өзгөртүү максатында Бишкекте массалык башаламандыктарды уюштурган:

- Бул акция алдын ала пландаштырылган. Өкмөт үйүн ээлеп алуу өлкөдөгү саясий туруктуулукту, тынчтыкты бузуу боюнча алдын ала иштелип чыккан пландардын башкы кадамы болгон. Бул окуянын демократия, демонстрациялар менен митингдерге чыгууга болгон укуктар менен эч кандай байланышы жок. Мындай акцияны өткөрүүгө эч кандай негиз жок болчу. Массалык башаламандыктар президенттик шайлоо алдында уюштурулган жана аны үзгүлтүккө учуратууга багытталган .

Курманбек Бакиев ошону менен бирге 17-июндагыдай окуялар кайталанбашы керек деген пикирин билдирди:

- Биз келечекте мындай окуялар кайталанбайт деген ишеничте болушубуз керек. Биз дагы бир ирет бул окуянын себептерин анализдеп, өзүбүздүн ишибизди мындан ары Конституциялык түзүлүшкө жана өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч болбошун шарттоо менен уюштурушубуз зарыл.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов 17-июндагы окуяга байланыштуу докладында бул күнкү окуяны экстремисттердин өлкөдөгү кырдаалды дестабилизациялоого болгон аракети катары баалады:

- 17-июнда болгон окуя – экстремисттердин өлкөдөгү туруктуулукту бузууга, жаңы бийликтин саясий кырдаалды жөнгө салууга жөндөмдүү эмес деп көрсөтүүгө болгон аракети болду. Ушундай аракеттердин толкунунда Улутту сактап калуу комитетин түзүп, жаңы лидерлерди алып чыгуу боюнча пландар иштелип чыккан.

Мирослав Ниязовдун айтымында, 17-июнь күнү өкмөт үйүн ээлеп алуу учурунда айрым бийлик өкүлдөрүнө кол салуу уюштуруу да пландаштырылган :

- Өкмөт үйүнө жасалган чабуул учурунда жогорку бийлик өкүлдөрүнө кол салуу да пландаштырылган. Учурда буга байланыштуу материалдар Улуттук коопсуздук кызматында иликтенип жатат

Коопсуздук кеңешинин башчысы 17-июндагы окуянын уюштуруучулары токтоосуз түрдө жазага тартылышы керектигин да белгиледи:

- Контрреволюциянын авторлору тез арада окуяга чоң коркунуч алып келгендиги үчүн жазаланышы керек. Баарын кечирүү бул жерде орун албашы керек. Муну эч ким түшүнбөй калышы мүмкүн, - деди Мирослав Ниязов.

Ал тийиштүү иш-чараларды көрбөгөн Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаевди жана Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Токон Мамытовду кызматтан алуу маселесин карап көрүүнү сунуш кылды.

Ал эми мурдагы бийликтин айрым өкүлдөрүнүн пикиринде 17-июнда бийликти күч менен алуууга аракет жасалган эмес, болгону шайлоочулар Урмат Барыктабасовдун укугун коргоп, нааразылык билдирип чыгышкан. Мындай пикирин өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев «Азаттыкка» мындайча билдирди:

- 17-июнда бийликти күч менен алуу аракетин эч ким көздөгөн эмес. Эгерде андай максат болсо, ага мүмкүнчүлүктөр бар эле. Эл ал күнү Урмат Барыктабасовдун укугун коргоп, өкмөт үйүнүн алдына чыкты. Ниязов, Мадумаров ошол күнү бийлик өкүлдөрүнө кол салуну уюштуруу да каралган деп жатышат. Мунун баары негизсиз. Эмне үчүн 24-марттагы төңкөрүшкө саясий баа берилбей жатат? Бийликти күч менен алып алышты го. Менимче, 17-июндагы окуя атайын саясатташтырылып жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев да 17-июндагы башаламандыкты шайлоочулардын массалык нааразылык чарасы катары баалаган.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Мирослав Ниязов коомдо саясий стабилдүүлүктүн орнотулушуна карабай, өлкөдө туруктуулукка коркунуч туудурган очоктор сакталып тургандыгына токтолду:

- Криминалдык териштирүүлөр менен коштолгон менчикти кайра бөлүштүрүүлөрдүн толкуну тынчсызданууну пайда кылып жатат. Бул коркунучтуу көрүнүштөр. Эгерде менчикти кайра бөлүштурүүгө уюшкан кылмыш топторунун катыша баштагандыгын эске алсак, бийлик тарабынан көзөмөлдүн жоктугу олуттуу жана опурталдуу жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG