Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

ЖК төрагасы кызматтык этиканын сакталышына кызыкдар


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев кызматтык этиканы сактай билбеген, ар кандай шектүү иш чараларда, тойлордо жүргөн мамлекеттик бийик даражалуу расмий өкүлдөргө Башкы прокуратура эскертүү бериши керек деп эсептейт. Мындай пикирин спикер шейшембиде Башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен жолугушууда билдирди. Бул аралыкта Чолпоната шаарында «Эртабылды» баатырдын эстелиги ачылып, аны Акматбаевдердин үй-бүлөсү каржылагандыгы, ага вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров, транспорт жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков, Жогорку Кеңеш төрага орун басары Эркин Алымбеков, билим берүү министри Досбол Нур уулу өңдүү мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү жетекчилер катышкандыгы жергиликтүү маалымат каражаттарында кеңири маалымдалды. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров болсо аталган тойго мамлекеттик кызматкерлердин жеке мамиле чегинде же расмий өкүл катары катышканын тактамайынча, аларга байланыштуу өз пикирин айта албай тургандыгын билдирди. Тойду уюштуруучулардын бири Рысбек Акматбаевге байланышкан кылмыш иши учурда Башкы прокуратура тарабынан териштирилип жатат.

XS
SM
MD
LG