Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:25

Жаңы саясий партия түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстанда дагы бир партия - «Кыргызстан элдик кыймылы» саясий партиясы түзүлүп, Юстиция министрлигинен каттоодон өттү. Бул тууралуу аталган партия төрагасы Виктор Черноморец «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Кыргызстан элдик кыймылы март ыңкылабына чейин түзүлгөн. Анын курамына сегиз саясий партия кирип, аны учурдагы президент Кураманбек Бакиев жетектеген. Март ыңкылабынан кийин бул саясий бирикме «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылы болуп кайра түзүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда учурда каттоодон өткөн кырктан ашуун саясий партия бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG