Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Өзбек бозгундарынын маселеси мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган жыйында талкууланаары күтүлүүдө


БИШКЕК. Өзбекстандык бозгундар маселеси жакынкы күндөрү мамлекет башчынын катышуусунда өткөрүлө турган жыйында каралат. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев 24-августта өткөн коопсуздук кеңешинин күн тартибин тактоо учурунда Баш прокурор Азимбек Бекназаровдун сунушуна жооп берип жатып билдирди. Бул күнкү жыйын адеп башталганда Азимбек Бекназаров өзбекстандык он беш атуулдун маселесин да кошумча талкуулап, чечим кабыл алууну сунуштады. Баш прокурордун пикиринде, өзбекстандык атуулдар боюнча кыргыз өкмөтү саясий чечим кабыл алса, аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берсе болот. Ал эми бул маселени укуктук негизде карай турган болсо, он беш атуул Анжиян окуясына чейин эле кылмыш жасагандыгы далилденгендиктен аларды кайрадан Өзбекстанга өткөрүп берүү зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG