Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ ООГАНСТАНДАГЫ ЖАГДАЙГА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 23-августта Нью-Йоркто өткөн жыйынында Ооганстандагы жагдай талкууга алынды. Анда Улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын башчысы Жан Арно шайлоо алдында турган өлкөдөгү абал бир топ опуртал болуп калганын белгилеп, мындай жагдай шайлоонун өткөрүлүшүн тобокелге салып жатканын айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлү Жан Арно шайлоого үч жумадай калганда Ооганстанда жаңы өкмөт менен иштешип жаткан адамдарга кол салуулар күчөгөнүн айтты.

- Шайлоону үзгүлтүкө учуратуу аракеттер жасалбайт, деп ойлоо жаңылыштык. Өлкөнүн чыгыш провинцияларында кол салуулардын күч алганы шайлоонун тагдыры үчүн азыр эле камтама кылдырууда.

Кечээ Бириккен Улуттар уюму менен ооган укук коргоо комиссиясы депутаттыкка талаптанып жаткан адамдар менен шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнө кол салуулар күч алгандыгын билдирген. Арнонун айтымында, шайлоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ооганстандын 30 миңдей полиция кызматкерлерин жогорку даярдыкка келтирип, 6 миңден ашык шайлоо участкаларынын айланасына жайгаштыруу абзел.

Шайлоо бюллетендерин басып чыгарып, жер- жерлерге жеткирүү иштерине эл аралык донорлордон дагы 30 миллиондой доллар талап кылынат.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз алган Пакистандын өкүлү Мунир Акрам Ооганстандагы шайлоонун тынч өтүүсүн камсыз кылуу үчүн анын өлкөсү да кам көрүп жатканын билдирди.

Ооганстанга куралдуу топтордун кирүүсүнө бөгөт койуу үчүн Пакистан Ооган чек арасына 700 аскердик постун орнотуп, чек араны кайтарууга кошумча күчтөр тартылды.

Пакистанда талибандын калдыктары баш бааналаган деп божомолдонот. Пакистандын былтыр күзүндө Ооганстанда президенттик шайлоо өткөн чакта көргөн катаң чараларынын арты менен Ооганстанда куралдуу топтордун аракеттери кыйла басаңдаган болучу.

XS
SM
MD
LG