Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

БЕСЛАНДЫК ЭНЕЛЕРДИН КҮЙҮТҮ


Беслан канабарымына бир жумадан кийин бир жыл болот. Мезгил бирок калабада уул-кыздарын жоготкон ата-энелердин ыйын дарылай албады. Соттун жүрүшүнө нааразы болушкан ата-энелердин бир тобу шейшемби күнү Түндүк Осетиянын Жогорку сотунун Владикавказдагы имаратын ээлеп алышып, аны 28 сааттан кийин бошотушту. Алар кызыл кыргын үчүн бийлик төбөлдөрү, анын ичинде өлкө президенти Владимир Путиндин да жоопко тартууну талап кылышты.

331 адамдын өмүрүн алган Беслан калабасы боюнча сот жазда башталган. Бирок жоопкер бирөө гана. Ал 1-сентябрь күнү мектепке келген балдар менен алардын мугалимдерин жана ата-энелерин барымтага алууга катышкан Нурпаши Кулаев.

Соттун адилет болуусун жана кандуу калаба үчүн жогорку кызмат адамдарын да жоопко тартууну талап кылган бесландык аялдардын тобу кечээ күнү Владикавказдагы Жогорку cоттун имаратын басып алышты. Алар, “Независимая газетанын” жазышынча, мектепти бошотуу операциянын штабынын мүчөлөрүн, айрыкча, Федералдык коопсуздук кызматы менен ички иштер министрлигинин жетекчилерин, Түндүк Осетяиынын мурдакы президенти Дзасоховдун жоопкерчилиги сотто каралбай жатканына да нааразы.

Өзүн “Бесландык энелер” деп атаган топтун мүчөсү Марина Пак кызыл кыргында кызын жоготкон. Ал сот залынан телефон акрылуу берген интервьюда балдарын жоготкон энелер тергөөгө канааттанбаганын айтты:

- Биз тергөөнүн жүрүшүнүнө нааразыбыз. Биз адилеттүү тергөөнү талап кылабыз. Бир кызмат адамы башка бирөө үчүн жоопко тартылбаш керек. Эч ким башка бирөөнүн артына жашынбаш керек.

Марина Пак Беслан мектебиндеги алаамат үчүн Россия президенти Владимир Путинди соттоого да чакырды:

- Бул окуя үчүн баарынан мурда Путин жооптуу. Түшүндүңөрбү?

“Бесландык энелер” тобу 30дан ашуун куралдуу барымтачынын жаңы окуу жылы башталган күнү Бесландагы № 1-чи мектепти басып алуусу жана барымтадагы адамдарды куткаруу учурунда жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөнү үчүн бийлик өкүлдөрүнүн да жоопко тартылышын узактан бери талап кылып жүрүшөт.

Соттун имаратын ээлеп алган аялдар шаршемби күнү түнү Россиянын башкы прокурорунун Түндүк Кавказ боюнча орун басары Николай Шепель менен кездешмейнче, имаратты таштап кетпесин билдиришти. Прокуратура тез жооп кайтарып, акцияны мыйзамсыздык жана сотко кысым жасоо деп атады.

Чарчап-чаалыккан аялдар шаршемби күнү Жогорку соттун сот залын бошотушканы менен, күрөштөн баш тартышпасын, алар эми Шепель менен кездешүүнү каалашпасын. “Бесландык энелер” комитетинин башчысы Сюзанна Дудиева маалымдады:

- Ал( Шепель) бизди Прокуратуранын кеңсесинде гана кабыл алууга макул экенин билдирди. Ал буерде аны 24 сааттан ашык күткөн аялдарга келип, кездешүүдөн баш тартты. Биз аны көбүрөөк күттүк, эми аны менен жолугууну каалабайбыз.

Уул-кыздарын жоготкон ата-энелердин таламын коргогон адвокат Таймураз Чежемов Бислан кыйраканы боюнча тергөөнү бөлүп-бөлүп кароо мыйзамды бузуу деп санайт:

- Алдын ала тергөө органдары террордук аракетти атайылап майдалап карашууда. Биздин пикирибизче, бул негизсиз. Ишти бөлүп жиберүү жеткен мыйзамсыздык.

XS
SM
MD
LG