Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Ходорковскийди колдоочулар пикетке чыгышты


Орусиянын борборундагы “Матрос тынчтыгы” деп аталган түрмөнүн жанында укук коргоочу уюмдар нааразылык акциясын өткөрүшүп, 19-августтан бери ачкачылык жарыялап олтурган Михаил Ходорковскийге колдоо көрсөтүштү. ЮКОСтун мурдагы башчысы Ходорковский өнөктөшү Платон Лебедевдин карцерге которулгандыгына нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялаган. Лебедев болсо сейилдөөдөн баш тартканы үчүн карцерге камалган. Ал бүгүн өз бөлмөсүнө которулуш керек.

Дүйнөлүк таңкы кабарларды Прагадан Бүбүкан Досалиева даярдады

XS
SM
MD
LG