Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

ЕВРОБИРИМДИК РАДИОУКТУРУУ АРКЫЛУУ БЕЛАРУСТУН ЭЛИН ДЕМОКРАТИЯГА ҮЙРӨТӨТ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Ушул жылдын 1-ноябрынан тарта Беларустун элине багытталган көз карандысыз радиоуктуруу обого чыгат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа Биримдиги Германиядагы “Дойче велле” радиосу менен келишим түздү

Европа Биримдиги бул долбоору менен Беларустун калкын көз карандысыз маалымат менен камсыз кылуу жана президент Александр Лукашенконун кысымына баш ийбеген эркин массалык маалымат каражаттарын калыптандыруу максатын көздөп жатат. Биримдик ал үчүн “Дойче велле” эл аралык радиосуна 138 миң евро төлөп берет. “Дойче велле” бул акчага дүйшөмбүдөн жумага чейин күнүнө орус тилиндеги 15 мүнөттүк уктуруу даярдап, анда Беларустун өзүндө жана башка мамлекеттерде болуп жаткан маалыматтарды бейтарап чагылдырмакчы. Ал тууралуу Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Антония Мочан мындай дейт:

- Башкы идея - Беларустун элин дүйнөнүн башка жеринде болуп жаткан маалыматтар менен кабардар кылуу. Беларуста мамлекеттик маалымат каражаттарына басым абдан күчтүү жана көз карандысыз маалымат каражаты такыр жок. Андан тышкары демократия жана адам укугун коргоо жаатында көптөгөн көйгөйлөр бар экендиги чындык. Демек, бул радиоуктуруу Беларустун калкын көз карандысыз маалымат менен камсыз кылат.

Уктурууда Беларустун өзүндө турган кабарчылардын саясий, экономикалык жана социалдык окуяларга арналган маалыматтары да колдонулат. Алар Интернеттеги баракчага үнү менен кошо жайгаштырылат.

Евробиримдиктин мындай чечимин Лукашенконун бийлиги кандай кабыл алганы азырынча белгисиз. Бирок өлкөнүн бийлигин жактаган айрым коомдук уюмдар ыраазы эмес экендигин билдирип жатышат. Маселен, Беларус тилин коргоо коомунун төрагасы Алекс Трусай уктуруунун беларус тилинде эмес, орус тилинде болооруна нааразы:

- Евробиримдик улуттук тилдеги уктурууларга колдоо көрсөтсө жана бул акчаны да беларус тилиндеги уктурууга жумшаса жакшы болмок. Буга чейин “Дойче велле” беш жыл бою Украинага арналган уктуруусун украин тилинде угузчу. Биздин оюбузча уктурууну орус тилинде чыгаруу саясий чечим болгон. Ошон үчүн биз ага каршылык билдирген атуулдардын колун чогултуп жатабыз жана аны Германиянын элчилигине беребиз. Күнүнө азыр 100 адамдын колу чогулуп жатат. Беларустун коомчулугу немец элинин бизге карата мамилесине абдан кейүүдө. Анткени, бул биз үчүн шылдыңдоо.

Ал эми Евробиримдиктин басма сөз кызматкери Антония Мочандын айтымында, уктурууну орус тилинде обого чыгарууга Беларустагы калктын көпчүлүгүнүн орус тилинде сүйлөгөнү башкы себеп болгон. Андан тышкары башкы максат кайсы тилде болбосун өлкө калкын көз карандысыз маалымат менен камсыз кылуу.

XS
SM
MD
LG