Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА МЕКТЕПТЕР ДАЯР, БИРОК МУГАЛИМ АЗ


Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин ишинин сапаты алардын маянасынан көз каранды. Тилекке каршы бул маселени дароо чечип берүүгө өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ушул өндүү учурдун курч маселелери мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын талкуулаган өкмөттүк жыйында талкууланды. Жыйын премьер министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун жетекчилигинде өттү.

Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулунун маалыматына караганда, Кыргызстандын мектептери жалпысынан жаңы окуу жылына даяр. Бирок мектеп курулушу, капиталдык ремонт, жылуулук менен, окуу китептери менен жабдуу, айыл мектептерин мугалимдер менен камсыздоо чечүүнү талап кылган негизги маселелердин бири бойдон калууда. Маселен быйыл мектепке барган мугалимдердин саны жылдагыдан дагы азайды дейт Досбол Нур уулу:

- Педагогикалык кадрларга болгон керектөөлөр быйылкы жылы (2005-жылы) 3372 адамды түздү. Бул болсо былтыркы жылга салыштырмалуу 300 адамга көптүк кылат.

Азыркы шартта бул проблема жаш кадрлардын мектептерге барбай жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Ал эми жылына жогорку окуу жайды мамлекеттин эсебинен 4 миңге жакын адис бүтүрөт. Алардын көпчүлүгү мектепке иштөөдөн баш тартуунун себебин биринчи кезекте маянанын аздыгы, мамлекеттик камсыздоонун жоктугу менен негиздешет. Ошондуктан, министрлик кадрдын тартыштыгын айлыкты көтөрүү аркылуу жоюу керек деп эсептейт. Анткен менен өкмөт мектепке мугалимдерди тартуунун башкача жолдорун табууну эп көрүп жатат:

- Алдабай эле коелу. Өкмөт иштеп атат. Президент акча караштырууну тапшырды. Бирок бул дароо чечилчү маселе эмес, - деди өкмөт жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов.

Өкмөт өткөн жылы жаш мугалимдин депозити деп аталган программаны киргизип, анын негизинде конкурс жарыялаган. Ага ылайык, конкурста жеңген жаш мугалимге өзүнчө каражат эсеби ачылып, үч жылга чейин айына 2 миң сомдон кошумча каражат, турак жай менен камсыздалмак. Бирок бул конкурс быйыл катышуучулардын аздыгынан өтпөй турат.

Жергиликтүү бийликтин мектептерге жетиштүү көңүл бурбай жатышы билим берүү тармагындагы дагы бир олуттуу проблема деди Досбол Нур уулу. Анын айтымында, мугалимдердин айлыгына жергиликтүү бийлик жоопкер болгону менен, аны убагында бербеген учурлар көп болот, мектеп муктаждыктарына маани берилбейт. Ошондуктан, министрлик билим берүүгө бөлүнгөн каражатты мурдагыдай эле өзүнө кайтарып алууну ыңгайлуу деп эсептейт:

- Ошондуктан, мурдагы советтик учурдагыдай ар бир райондук билим берүү бөлүмдорүнө берсек. Кээ бир чоң райондордо 90дон мектеп бар. Ошого көп болсо төрт бухгалтер керек экен. Ошолор аркылуу министрликтен жөнөтүлгөн акчаны биз өз учурунда жеткирип берсек, мынчалык нааразылыктар болбойт деп эсептейм.

Бирок жергиликтүү бийликтин деңгээлин көтөрүүнү көздөп жаткан өкмөт билим берүү министрлигинин мындай сунушун колдогон жок. Тескерисинче, Феликс Кулов айлыкты төлөбөй жаткан айыл өкмөттөрү боюнча күч органдарына кайрылууга чакырды:

- Мен сизден суранам, 10 күн ичинде Башкы прокуратурага сунуштап, көчүрмөсүн өкмөткө бериңиз. Айлыкты төлөп бербеген айыл өкмөт башчыларына мыйзам чегинде иш козгоосун Башкы прокуратурадан сурайбыз. Жумшартуучу жагдайлар болсо актасын, болбосо сотко берсин.

Ал эми вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов айыл өкмөттөрүнүн каржылык тартибин карап көрүүнү убада кылды. Ошондой эле ал билим берүү тармагын каражат муктаждыгын негиздеген долбоорлорду сунуштабай жаткандыгы үчүн сындады:

- Сунуштарыңарды киргизгиле, акча бар, биз жетишпей, программа жаза албай жатабыз. Негиздемеси жок. Баарыңар эле акча жок дейсиңер.

Данияр Үсөновдун айтымында, билим берүү тармагынын муктаждыктарын жабууга каражатты өкмөт Кумтөр-Сентерра ишканасынан түшкөн каражатын эсебинен берүүгө даяр. Билим берүү министрлиги болсо мындай каражаттарды мектептерге эмерек сатып алууга жумшоого кызыкдар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG