Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Ошто кароосуз калган балдар көбөйүүдө


ОШ. “Евро чайлд” эл аралык уюмунун маалыматына караганда, Ош облусунда жана Ош шаарында кароосуз калган балдардын саны өткөн жылдарга караганда эки эсеге көбөйгөн. Аталган эл аралык уюмдун жергиликтүү координатору Айгүл Асылбекованын айтымында, көчө балдарынын көбөйүшүнүн биринчи себеби - турмуш-тиричиликтин оордугу. Асылбекова кийинки жылдары ата-энеси бар туруп, бирок социалдык маселелерден улам кароосуз калган балдар көбөйүп жаткандыгын билдирди. Балдарды коргоо боюнча эл аралык уюмдун маалыматына караганда, баңгилик, аракечтик, ата-энелердин балдарын таштап, жумуш издеп кетип калган учурлары балдардын социалдык жетимчиликке дуушар болушунун башкы себептери болууда. Бул маселе боюнча уюштурулган кеңешменин жүрүшүндө социалдык жетимчиликтин алдын алуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

XS
SM
MD
LG