Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Жер маселеси чечиле элек


БИШКЕК. Бүгүнкү күнгө чейин Бишкекте турак-жайга муктаж адамдарды жер менен камсыз кылуу маселеси чечиле элек. 24-марттан кийин жалпысынан жерге муктаж адамдарга Бишкектин чет жакасынан жана Чүй облусунун аймагынан 1070 га. жер участкасы бөлүндү. Ошону менен 12 миң адам турак-жай куруу үчүн жер менен камсыз болду. Алардын ичинен – 8,5 миңи Бишкектин тургундары болду. Көп кабаттуу үйлөрдү салууга борбор калаанын чет жака райондорунда 137 га. жер бөлүндү. Бирок бүгүнкү күндө да Бишкектин айрым райондорунда 8 миңге жакын адам жерди өз алдынча ээлеп алууну көздөп турат. Жалпысынан учурда жерге муктаждыгын билдирген адамдардын саны 50 миңден ашуун. Бул тууралуу үй куруучулардын коомдук бирикмелеринин Координациялык кеңешинин төрагасы Талгарбек Момуналиев маалымдады.

XS
SM
MD
LG