Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Жаратылыш газы Бишкек менен Чүй облусуна азырынча берилбейт


БИШКЕК. Азырынча Бишкек менен Чүй облусун Өзбекстан тарабынан көгүлтүр газ менен камсыз кылуу маселеси чечиле элек. Бул тууралуу 25-августта «Кыргызгаз» акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Кубанычбек Жусупов билдирди. Буга чейин 19-июлда коңшу өлкө менен 2005-жылы Кыргызстанды көгүлтүр газ менен камсыз кылуу жөнүндөгү келишимге кол коюлган. Анда Кыргызстандын бардык аймагын газ менен камсыз кылуу каралган. Баасы 1 миң куб метрине 42 доллар деп аныкталган. Бирок өзбек тарап Жалалабат, ОШ жана Баткен облустары гана газ менен камсыздала тургандыгын жакында билдирди. «Кыргызгаздын» жетекчилигинин пикиринде, Ташкенттин мындай чечими саясий мүнөзгө ээ болуп жатат. Учурда Бишкек менен Чүй облусу Казакстанга берилген газдын эсебинен Кыргызстандын аймагынан өткөн газ түтүктөрү аркылуу камсыздалууда. Учурда Кыргызстандын газ үчүн Өзбекстанга болгон карызы 1 млн. АКШ долларын түзөт. Ал эми Казакстанга Кыргызстан газ үчүн 17,5 млн. доллар карыз.

XS
SM
MD
LG