Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Жаңы окуу жылына даярдык жайындабы?


БИШКЕК. 25-августта өткөн өкмөт жыйынында жаңы окуу жылына даярдыктарга байланыштуу маселелер каралды. Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу жыйында маалымдагандай, өлкөдө мектептердин 99, 5 пайызы жаңы окуу жылына даяр. Мектептерди оңдоп-түзөө иштерине ата-энелердин акчаларынын эсебинен 160 млн. сом, ал эми жергиликтүү бюджеттерден 11 млн. сом сарпталды. Быйылкы окуу жылында Кыргызстанда 1 млн. 125 миң окуучу 2066 мектептин босогосун атташат. Анын ичинде 60 мектеп жаңы курулуп, пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Ал эми 9 мектептин абалы өтө эле оор. Алардын айрымдары эскилигине байланыштуу окуучулар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч келтирсе, кээ бирлери жер көчкү болушу ыктымал жерлерде жайгашкан. Жыйында быйыл мектептерге 3370 мугалим жетишпей жатканы айтылды. Бул маселени чечүү алардын айлык акыларын жогорулатып, социалдык жактан жардам көрсөтүүнү жолго койуу менен байланыштуу экендиги белгиленди. Бүгүнкү күндө мугалимдердин орточо маянасы – 600-700 сомду түзөт.

XS
SM
MD
LG