Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Саясий партиялар партиялык тизме менен шайлоого кызыкдар


БИШКЕК. 25-августта Бишкекте Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев IFES эл аралык уюумунун колдоосунда “Кыргызстанда шайлоо жараянын кайра түзүү” деген аталыштагы конференция өткөрдү. Анда пропорционалдык-партиялык тизме менен шайлоо системасы, саясий партиялардын парламентке өтүүсүнө жол ачуу, мыйзамдын талабына жараша 50 пайыз шайлоочулардын катышуусу, шайлоо комиссияларынын милдети жана түзүлүшүнө байланыштуу маселелер каралды. Айрым саясий партиялардын лидерлери Кыргызстанда пропорционалдык-партиялык тизмени киргизүүнү сунушташты. Ал эми саясатчылар, жергиликтүү шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Кыргызстанга можаритардык-пропорционалдык шайлоо системасы ылайыктуу деген пикирлерин билдиришти. Жыйынга бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, белгилүү саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, ЕККУнун элчиси Маркус Мюллер, IFESтин миссия башчысы Дэвид Миккон катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG