Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Казанда КМШ жетекчилеринин жыйыны өтөт


БИШКЕК. 26-августта Казан шаарында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев баштаган делегация да катышат. Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн 2005-2007-жылдардын аралыгында биргелешип терроризмге каршы күрөшүү, 2006-2008-жылдарда мыйзамсыз миграцияларга бөгөт койуу, макулдашылган чек ара саясатын жүргүзүү боюнча программалардын, 2010-жылга чейинки аскердик кызматташуу концепциясынын кабыл алынышы күтүлүүдө. Казандагы жыйында ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык тармактагы кызматташтыгын өнүктүрүү, шериктештиктин алкагындагы структуралык органдарды реформалоо маселелери талкууланат. Мында Бириккен Улуттар Уюмунун 60-жылдыгына жана Чернобылдагы атомдук электр станциясында болгон кырсыктын 20-жылдыгына байланыштуу кайрылуулар кабыл алынышы да күтүлүүдө. Казанда бүл күнү шаардын 1000-жылдыгына арналган иш-чаралар да белгиленет. Бул тууралуу 24-августта Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG