Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:36

Ингушетиянын борбору Назранда бүгүн эки күчтүү жардыруу болуп, бир киши курман болуп, дагы бир нече адам жараат алганы кабарланды. Жардыруудан жумурияттын премьер-министри Ибрагим Мальсагов да олуттуу жараат алды.

Орусиянын түштүк тарабындагы Ингушетиянын баш калаасындагы жардыруу ушул жай айларында Назранда орун алган кандуу окуялардын уландысы болуп калды. Жумурияттын ички иштер министри жардырууну Ингушетиянын премьери Ибрагим Мальсаговдун өмүрүнө кол салуу катары баалады. Премьер-министр соңку маалыматтар боюнча, оң колунан, бутунан жаракат алган, догдурлар анын өмүрүнө коркунуч жок деп билдиришти.

Мальсаговдун жансакчылары да жараат алып, алардын бири көп өтпөй каза болгонун Ингушетиянын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мурат Зурабов билдирди:

- Эки күчтүү жардыруудан премьерди коштоп жүргөн адамдар жабыр тартышты. Премьер өзү да жарадар. Анын жанындагы Ички иштер министрлигинин офицери көп өтпөй ооруканада көз жумду.

“Азаттыктын” Назрандагы кабарчысы Юрий Багров окуя болгон жерден бизге буларды кабарлады:

- Олуттуу жаракат алган премьер министр Мальсагов азыр республикалык ооруканада, аны жакын арада Владикавказ, же Ростовго которуу маселеси караштырылып жатат. Жардыруу күндүзгү саат 2 жарымдарда, Мальсаговское аттуу чоң базардын тушунда болду.

Ингушетияда негизи кырдаал жалпы Түндүк Кавказдагы абалга жараша тынч эмес. Жакында эле, 22-август күнү Назрандагы башкы оорукананын жанында болгон жардыруудан бир киши курман болгон. Андан эки ай мурдараак, июнь айында Назрандын борборундагы көп кабаттуу үйдү эки согушкер барымтага алып, эки күндөн кийин коопсуздук күчтөрү куралдуу операциянын натыйжасында ал үйдү бошотуп, согушкерлерди өлтүрүшкөн.

Ингушетияда соңку жылдары бир нече бомба жардыруусу болду, жергиликтүү бийликтегилер алардын баарын коңшулаш Чеченстандагы сепаратисттик кыймыл менен байланыштырууга болбойт, деп белгилеп келатышат. Эксперттер жергиликтүү кландар ортосундагы тымызын күрөшкө, аларга кылмыштуу топтор аралашып кеткенине көңүл бурушууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG