Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Бүгүн Татарстандын ордо шаары Казандын миң жылдык торколуу тою менен байланыштуу иш-чаралар КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммити менен коштолду. Эзелки түрк тилдүү булгарлардын журту болуп, андан соң булгарлар менен кыпчактарга жуурулган түрк-монгол тектүү нечендеген элдердин мекени болуп келген Казан шаары он алтынчы кылымдын ортосунда гана Орус падышалыгы тарабынан каратылып алынган. Ушул тапта Казан шаары евразиялык маданий чордондордун бири катары маалым.

Бейшембиде (25-августта) Казан шаарында даңазалуу татар жана орус маданият ишмерлеринин айкелдеринин алдына гүлчамбарлар коюлуп, Татарстандын ордо шаарынын миң жылдыгына арналган расмий салтанаттар башталды.

Бүгүнкү саясий иш-чаралар – КМШ мамлекет башчыларынын саммити, Орусия Федерациясынын Мамлекеттик кеңешинин сессиясы жана башка чаралар шаардын миң жылдык мааракесине кошумча кадыр-барк алып келген окуялар болуп калды.

Татарлардын саясий жана улуттук-маданий кызыкчылыктары үчүн күрөшкөн коомдук уюмдардын бири – Татарстан Коомдук Борборунун төрагасы Телгар Бариев быйылкы маараке Казан шаары үчүн гана маанилүү болп чектелбестен, ал – исламдын Чыгыш Европадагы кылым карыткан ордун айгинелеген окуя катары да кеңири бааланса болот, дейт:

- Европа аймагында мусулман цивилизациясынын да байыркы тарыхый тамыры бар. Итил боюндагы жана Уралдагы мусулмандарды, татар элинин ата-бабаларын эске алып, ушундай бүтүм чыгара алабыз.

Татарлардын басымдуу көпчүлүгү – сунний мусулмандар. Орусиянын оторчулугуна кабылгандан бери, алардын арасында «чокунган татарлар» деп айырмаланган ортодокс христиан тобу да калыптанган.

Быйыл июн айында Казан шаарында Кул Шарип мечити кайра курулду. Ал 1552-жылы Иван Грозныйдын тушунда ойрон кылынган болчу.

Европадагы эң ири мечит болуп калган бул жамы мечит үчүн кеткен каражаттын жарымын жумурият өкмөтү жана мунай компаниясы төлөсө, калган жарымын калайык өзү чогулткан.

Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев Казандын миң жылдыгы аймактын жана жалпы эле Чыгыштын тарыхына терең үңүлүү үчүн кызмат кылат деп санайт:

- Бир нече ондогон жылдар бою бизде Азияга жана Чыгышка дурустап көз чаптырылбай келди. Бул маселе заманбап суроолордон болуп турат. Казандын миң жылдыгынын белгиленип жатышы, менимче, дал ушул евразиялык факторго ылайык аңдалышы керек.

Татарстан Коомдук Борборунун жетекчиси Телгар Бариев болсо, бир чети, Казандын мааракеси Орусияда расмий белгиленип жатышы кубандыраарын, экинчи чети, бул мааракеге көлөкө түшүргөн башка бир орусчул маараке да быйыл өткөрүлгөнү өз улутташтарын кейитпей койбостугун мындайча түшүндүрдү:

- Экинчи жагынан, үстүбүздөгү жылдын эле өзүндө Куликово талаасындагы салгылашуунун 625 жылдыгы өтө таң калычтуу түрдө белгиленди. Менимче, кайсы бир топтор татарларды «Силер – Орусияда чоочун, кас-душман калксыңар, биз силерди жеңип алганбыз» деп жеригиси келет сыяктанат. Казандын миң жылдыгына аралаш дал ушундай таң калычтуу мааракелер өтүп жатат.

Ал эми белгилүү археолог, тарыхчы Фаяз Хучин болсо бүгүнкү Казан шаары жалаң гана татарлардын эмес, евразиялык башка калктардын да, анын ичинде орустардын да олуттуу маданий чордонуна айланганын баса белгилейт:

- 1552-жылга чейин Казан шаары татарлар маданиятынын борбору болгон. Андан кийин болсо шаар кеңирсиген Урал-Волга аймагындагы орустун да маданий чордонуна айланды.

Хучин мырзанын сөзү 26-августта Казан шаарында Орусия Федерациясынын Мамлекеттик кеңешинин отурумунда чыгып сүйлөгөн орус президенти Владимир Путиндин айтканы менен да үндөшүп кетет:

- Казан шаары – Орусияда байырлаган элдердин социалдык-маданий биримдигинин эң таасын өрнөгү болуп саналат.

Президент Путин Казандын мааракеси көп улуттуу орусиялыктардын болочогу үчүн да таасын сабак болуп калаарын баса белгиледи.

Айтмакчы, Казан шаары борбордук азиялык калктар, алардын ичинде кыргыздар үчүн да 19-кылымдын соңунан бери аймактык маданий чордон катары, мусулмандык реформатордук, интеллектуалдык таасир көрсөтүү ордосу катары кызмат кылып келди.

Жадидчи татарлардын колдоосу менен тээ 19-кылымдын соңунан тартып кыргыздардын чыгармалары Итил-Урал аймагындагы шаарларда өз эне тилинде араб арибинде китеп болуп жарыяланганы мүлдө кыргыз журтуна дурус маалым.

Ошондой китептердин бири – «Манас» дастанынын Тыныбекке таандык вариантынын 1898-жылы Казанда чыккан үзүндүсү.

Бул сыяктуу итилдик-алатоолук орток тарыхый жагдайлар тууралуу болочокто да «Азаттыктын» толкунунда ар кыл берүүлөр уюштурулмакчы.
XS
SM
MD
LG