Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

ЭКСПЕРТТЕР ИШИН ЖЫЙЫНТЫКТАШУУДА


Эки жумага жакын убактан бери Эларалык валюта корунун миссиясы Кыргызстанда жүрөт. Кыргызстандын экономикалык өнүгүш көрсөткүчтөрүн кылдат иликтөөгө алган эларалык каржы уюмунун адистери ушу тапта өкмөт, мамлекет башчылары менен айрым маселелерди тактоого киришмекчи.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин тышкы карыздарды кайтарып берүү шарттарын талкуулап, жакырчылыкты азайтып, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылчу өбөлгө-жагдайлар менен жеринен таанышуу максатында келген Эларалык валюта корунун миссиясы эки жумага жакын убактан бери Каржы министрлиги менен Улуттук банктын адистери менен тыгыз иштешти. Эксперттик деңгээлде кандай иштер аткарылганын Кыргызстандын Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров мындайча маалымдады:

- Анча-мынча суроолор калды. Аны эми саясий жетекчилик, премьер-министр Ф. Кулов, президент К .Бакиев менен дагы бир сыйра карап чыгабыз го. Кубандыра турган нерсе, жаңы өкмөткө ишеним болду.

Быйылкы жылдын экономикалык өнүгүш көрсөткүчтөрү башта белгиленген чекке жетпей калышын Акылбек Жапаров «Кумтөр» алтын кен өндүрүшүнө, анан да жазды-жайлай токтолго таппай келаткан революциялык маанайга байланыштуу түшүндүрөт:

- Революция болуп атса, анан да «жамандык келсе – дарбазаңды ач» деп коет эмеспи орустар, ушу жылга 25 пайыз өсчү ички дүң продуктка «Кумтөр» алтын кен компаниясынын 25 пайыз өндүрүшүнүн кыскарып калышы себеп болду. Эмдиги жылдан баштап өсүү темпи күчөйт го деп ойлойбуз, быйыл жыл аягына чейин 3 пайызга чыгабыз.

Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен март ыңкылабынан кийин экономикалык өнүгүш басыгынын жайлап калышын убактылуу көрүнүш деп эсептейт:

- Биз деле азыркы кыйынчылыктарды убактылуу көрүнүш деп эсептейбиз. Андан да кийинки кездери экономикалык өнүгүшкө ыңгайлуу шарт түзүлүп калышы биз үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Ошентип экинчи милдеттин аткарылышына дурус дегидей негиз түзүлүүдө.

Эларалык валюта корунун экинчи милдетке кошуп аткан маселеси – Кыргызстандын тышкы карыздарын кайтарып берүү шарттары кийинки жылдары өзгөчө саясий өң-түс алып келаткан проблемалардан. Кыргызстандын Каржы министринин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаевдин маалымдашынча, Париж клубуна мүчө же мүчө эмес өлкөлөрдүн карыздарды кечип ийүү, болбосо төлөө мөөнөтүн артка жылдыруунун үч түрдүү ыңгайы бар.

- Баарынын жыйынтыгы бирдей, айырмасы аз эле. Бир шарты боюнча карыздын 50 пайызы грантка чыгарылып кечилет, калганын кайтарып берүү 7 жылдан баштап 23 жылга чейин узартылат, коммерциялык үстөк пайызы кошулат. Башка варианты - карыздын баарын кайтарып берүү 33 жылга артка жылдырылат, төлөө мөөнөтү 3 жылдан кийин башталат, үстөк пайызын азайтышат.

Быйылкы жылдын июнуна карата 2 миллиарддан ашып кеткен тышкы карыздарын убагында кайтарып бергенге Кыргызстандын чама-чаркы жетишпейт. Быйыл март айынын башында өткөн жыйынында Эларалык валюта кору Париж клубуна мүчө жана мүчө эмес 6 өлкө менен Кыргызстанга карыздарды кайтарууну кийинкиге жылдырууну макулдашып, 30-сентябрга чейин эки тараптуу келишимдерге кол коюп чыгуу шартын койгон.

Жаңы өкмөт эларалык каржы уюмунун талабын аткарыш амалында клубга мүчө, мүчө эмес 6 өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүп, Орусия баш болгон бешөөнүн макулдугун алган. Азырынча карызды кайтарып берүүнү кийинкиге жылдырууга Түркия макул болбой жатат.

Антип Анкара «Пинара – Аккеме» мейманканасынын айланасындагы талашты шылтоолоп, келишимге кол койбосо 80 миллион доллар карызды үстөк пайызы менен кайтарып берүү оорчулугу эмдиги жылкы Кыргызстан бюджетинин мойнуна илингени турат.
XS
SM
MD
LG