ТАЛАС. Республикалык прокуратурага 25-август күнү жөнөтүлгөн маалыматка караганда, 2005-жылдын ичинде Аскар Акаевдин Таластагы жек-жааттарына байланыштуу төрт кылмыш иши ачылгандыгы айтылат. Төрт кылмыш ишинин бирөөсү боюнча Бакайата райондук сотунда териштирүү аяктады. Экинчи бир кылмыш иши боюнча тергөөнүн материалдары Талас райондук сотуна жөнөтүлгөн, калган эки кылмыш ишин териштирүү улантылып жатат. Мындан тышкары көзөмөл иретинде бир нече факты боюнча милиция жана прокуратура органдары иликтөө иштерин улантууда. Бул фактылар боюнча облустук прокуратура жакынкы күндөрдө басма сөз жыйынын өткөргөнү жатат.