Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Багдадда Баш мыйзамдын тегерегиндеги талаш уланууда


Ирактык шийилер суннилерге Конституциядагы чырлуу маселелер боюнча акыркы сунуштарын бергенин жарыялашты. Бир катар маалымат каражаттары АКШ президенти Жорж Буш ирактык шийи лидерлерин суннилердин айрым талаптарына моюн сунуп, мунаса табууга үндөгөнүн маалымдашты. Ирактын Бакуба жана Киркук шаарларында жүздөгөн суннилер жаңы Конституцияга нааразылык билдирип, демонстрацияга чыгышты. Алар Баш мыйзамда Ирактын мурдагы бийлиги түптөгөн “Баас” партиясын террористтик уюм деп жазылганына жана Ирактын федеративдик мамлекет деп аталышына каршы болууда.

XS
SM
MD
LG