Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

«Мээрим» фондунун Жалалабаттагы бөлүмдөрүнө байланыштуу иш сотто каралат


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук прокуратура экс-президент Аскар Акаев менен анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлк, байлык, мекемелер боюнча кылмыш иштерин жүргүзүүнү улантууда. Прокуратуранын тергөө бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” эл аралык кайрымдуулук фондунун облустагы мекемелерине карата алты кылмыш иши козголгон. Тергелип бүткөн үч кылмыш иши Ноокен жана Аксы райондук сотторунун кароосуна жиберилди. “Мээрим” борбору колдонгон 1 млн. 517 миң сомдук балдардын билим алуу борбору Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Аксы районундагы “Мээрим” борборунда иштегендерге мамлекеттик казынадан 398 миң сом төлөнгөнү аныкталды. “Мээримдин” Жалалабат, Сузак, Ташкөмүр аймактарындагы кеңселерине да казыналык акчалар жумшалган. Калган кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG