Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Кытай кыргыз армиясына жардам көрсөтөт


БИШКЕК. 26-августта Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучуу Исмаил Исаков Кытай Эл Республикасынын Шаньдун аралында болгон аскерий машыгууга байкоо жүргүзүп кайтты. “Тынчтык миссиясы –2005” деген аталыштагы 8 күндүк аскерий машыгууга Кытай менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн 10 миң аскери катышты. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн да коргоо министрлери байкоо жүргүзүштү. Кыргызстандын коргоо министри Кытай мамлекетинин коргоо министри менен жолугушуп, эки тараптуу келишимге кол койду. Кыргызстандын армиясына жардам көрсөтүү жөнүндөгү келишимге ылайык, Кытай кыргыз армиясына 10 млн. юань өлчөмүндө жардам бере турган болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG