Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш газын берүүдөн баш тартты


БИШКЕК. Кыргыз бийлиги 439 өзбекстандык качкынды өз өлкөсүнө эмес, үчүнчү өлкөгө өткөрүп бергендигине байланыштуу Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш газын берүү тууралуу келишимге кол койуудан баш тартты. Бул тууралуу «Кыргызгаз» ишкана башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Жусупов эл аралык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирди. Кубанычбек Жусуповдун айтымында, Өзбек бийлиги менен үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда жаңы келишимге кол койуу тууралуу макулдашылган. Келишимге ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга 2005-жылдын 1-августунан 2006-жылдын биринчи августуна чейин 250 миллион куб. метр жаратылыш газын берүүгө макулдугун берген. Көп өтпөй алар мындай келишимге кол койуудан баш тартышкан. Ал эми кыргыз бийлиги 439 өзбек атуулун үчүнчү өлкөгө 29-июлда өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG