Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:30

ЭКСТРЕМИСТ КҮРӨШКӨ ҮНДӨДҮ


Израил өкмөтү палестин бийликтерин экстремисттик топтордун аракетин ооздуктоого чакырды. Жөөт тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гидеон Мейр израилдин коопсуздук күчтөрү көптөн бери издеп,таппай жүргөн белгилүү экстремист Мохаммед Дейфтин телетасмага тартылган кайрылуусу көрсөтүлгөндөн соң ушундай билдирүү жасаганга аргасыз болду.

Дейф өз кайрылуусунда палестиналыктарды куралдуу күрөштү улантууга чакырган. Жөөттөрдүн Газа тилкесинен чыгып жатканы,анын айтымында, израилдиктерге кол салып,өз жанын кыйган палестиналыктардын эрдиги аркасында мүмкүн болду. Жениндеги, Наблустагы, Раммаладагы, Хеврондогу,Иерусалимдеги, жалпы эле Иордандын батыш жээгиндеги акциялар палестин жерлери жараткандын жардамы аркылуу жөөттөрдөн бошотуларын эскерткен белги болду, дейт Дейфи.

“Силер биздин жерлерди басып алган элеңер,эми Газадан шерменде болуп кетип жатасыңар”, - деп айтты палестин экстремисти. Ал саясий күрөш менен бирге курал-жарактарды сактап калганга чакырды.

Жөөт коопсуздук органдары Дейфтин көзүн тазалаганга бир нече ирет аракет кылышкан, бирок ал бардык учурда аман калган. Израил тарабы жанкечтилердин көбүн Дейф даярдап, аларды атайын операцияларга жөнөтүп турган деп эсептейт.

Бул кайрылуу Ариэл Шарондун Израилдин өзүндөгү оппоненттерине шыкак бериши мүмкүн дешет. Палестин лидери Махмуд Аббас бардык топторду, анын ичинде “Хамасты” да курал-жарактарын таштап, күрөштүн тынч ыкмаларына өтүүгө чакырууда. Бирок хамасчылар бул чакырыкты четке кагышты.
XS
SM
MD
LG