Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Белгилүү эл шайыры Асек Жумабаев дүйнөдөн кайтты


БИШКЕК. 27-августта 82 жаш курагында белгилүү эл артисти Асек Жумабаев узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Калк кадырлаган эл шайыры Нарын районундагы Аккыя айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан көркөм өнөргө шыктуу Асек Жумабаев Нарын музыкалык драма театрында, кийинчерек А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында чыгармачылык менен үзүрлүү эмгектенип келген.

Анын аткаруусундагы “Ой булбул”, “Күйдүм чок”, “Комузум” жана башка элдик ырлар көпчүлүктүн сүйүктүү ырларына айланган. Өзгөчө ал Насирдин Байтемиров менен Насыр Давлесовдун “Аста секин колукту” музыкалык комедиясындагы Маркабайдын ролун зор чеберчиликте аткарып, көрөрмандардын эсинде өлбөс-өчпөс образ жаратып кетти. Маркумдун сөөгү 29-августта Аларча көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG