Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Он чакты күн мурда Тегеранда айрым европалык элчиликтердин кеңселеринин маңдайында Иранда эптеп жан сактап жаткан бир катар өзбекстандык качкындар демонстрация өткөрүп, Батыш өлкөлөрүнөн саясий баш паана берүүнү талап кылышкан. Алар өз атажуртуна кайтчу болсо, «террорчу» катары айыпталып, абакка түшөрү ажеп эмес. Көз каранды эмес кыргызстандык байкоочунун айтымында, Ирандагы өзбек качкындарынын турмушу өтө оор мүшкүл менен эриш-аркак өтүүдө.

Пост-советтик Өзбекстандан качып чыккан бул бозгундар тобу Иранга келгенге чейин Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан сыяктуу чет өлкөлөрдө байырлап келишкен.

Алардын бири – 42 жаштагы Бабур менен анын 35 жаштагы жубайы Мастура. Экөө тең Өзбекстандын Наманган шаарында туулуп-өскөн. Алардын беш баласынын үчөө - чет өлкөлөрдө туулган.

Бабур 1992-97-жылдары Тажикстанда атуулдук согуш жүрүп жаткан кезде Тажикстанга келген. Анын айтымында, президент Ислам Каримовдун мусулмандарга каршы кысымынын айынан бозгунчулукка кеткен экен. Жубайы Мастура да ислам тууралуу дарс бергени үчүн куугунтукка калып, эки баласы менен күйөөсүнүн артынан коңшу өлкөгө келгенин айтат.

Бабур Тажикстанда исламчы жоочуларга кабылганын танбайт, бирок эч бир аскердик өнөктүккө катышпагандыгын, тек гана ашпоз болуп иштегенин айтат:

- Бүлөсү бар эркектер кыштактарда жашачу. Мен ашпоздукту билчүмүн, ошондуктан ашпоз болуп иштечүмүн. Мен аларга «тамак жасай алам» десем, ашпоздукка алышкан. Бул – мындагы мыкты жумуш болчу. Мен эч бир аскердик иш-чарага катышкан жокмун. Алар үй-бүлөсү барларды эмес, бойдокторду гана жортуулга жөнөтүшчү. Бойдокторду алар «мужаррат» деп коюшат.

Бабурдун сөзүнө караганда, ал Өзбекстан Исламчыл кыймылынын жетекчилеринин бири Жума Намангани менен Тажикстанда жүрүп кезиккен. Намангани атайын Ооганстандан Тажикстанга келип, террорчу топ үчүн жаңы кишилерди жыйнап жүргөндө ага жолуккан:

- Мен Тахир Йулдашты көргөн жокмун, анткени ал Ооганстанда болчу. Бирок Жума Намангани Тажикстанга эки ирет келип, сөз сүйлөгөн. Ал: “Биз Өзбекстанды боштондукка чыгарган соң, анда жашайбыз”, - деп айткан. Ал көп деле сүйлөй берчү эмес. Ал эмне деп сүйлөө керектигин билчү. Мен аны эки гана жолу көрдүм. Андан соң биз Ооганстанга жөнөдүк. Бизди андагы бир базага алып келишти.

Бабурдун айтымында, ал Мазари Шарип жана Кабул сыяктуу шаарларда бүлөсү менен байырлап турду жана эч бир жортуулга катышкан жок.

Айтмакчы, 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы каргашалуу террордук чабуулдардан кийин АКШ аскерлери Ооганстандагы террорчулардын жайларын бомбалоого алган чакта, Жума Намангани өлгөн деген маалымат бар. Өзбек исламчыларынын кыймылынын жетекчиси Тахир Йулдаштын дайыны эч белгисиз.

Бабур болсо үй-бүлөсүн алып, оболу Пакистанга качып өтөт. Төрт жылдан соң, былтыр жазында ал өз бүлөсү менен эптеп Иранга өтүп келген.

Ирандын чыгышындагы Захидан шаарында токсондой өзбек бүлөсү жашаарын, Тегеран менен Мешхедде да кыйла өзбек качкыны бардыгын, алардын акыбалы өтө оор экендигин жакында Иранда болуп кайткан кыргызстандык эркин журналист Алишер Сайипов «Азаттыкка» билдирген.

- Алар өтө жакыр турат. Баарынын айласы куруган. Чарбалык чамасы өтө начар. Үйлөрү эскилиги жетип, чалдыбары чыккан. Айрымдары эптеп тирилик кылуу үчүн тилемчилик кылганга чейин барат. Колунан көөрү төгүлгөндөрү үй оңдоп, устачылык кылып, башка да ушул сыяктуу жумуштарды аткарышат. Ар бир кишинин үчтөн-төрттөн баласы бар. Аялдары үйдө бош отурат. Балдары мектепке бара алышпайт.

17-августта ондогон өзбек качкындары Тегеранга келип, голландиялык, италиялык жана германдык элчиликтердин алдында демонстрация өткөрүп, өздөрүн Батыш өлкөлөрүнө алып кетүү талабын билдиришкен.

Бул иш-чарага катышкандардын бири өзбек качкындарынын оор акыбалын мындайча сыпаттайт:

- Биз Иранда үч жарым жылдан бери байырлап келебиз. Иран өкмөтүнө буга чейин кайрылбаган себебибиз – дүйнө жүзүнүн Өзбекстандагы Ислам Каримовдун режиминин табияты тууралуу дурустап билбегендиги болду. 13-майдагы окуялардан соң, Каримовдун ким экендигинен дүйнө жүзү кабардар болуп калды. Андан соң биз Бириккен Улуттардын качкындар агенттигине кайрылууну чечтик. Бирок биздин маселе боюнча бүтүм чыгарыла элек. Ошондуктан биз голландиялык элчиликтин алдына келдик.

Өз атажуртунан качып, бозгундуктун зардабын тартып жаткандардын башкы көйгөйү – балдарынын жаркын болочогун камсыз кылуу маселеси. Теги намангандык Мастура айым балдарынын жагдайы тууралуу санааркоосун мындайча билдирди:

- Менин балдарымдын турмушу бир опаасыз болду. Аларды эптеп өзүм билген ар нерсеге үйрөтүп таалим берип жатам. Бирок алар татыктуу билим ала албай жатышат. Документтерибиз жок болгондуктан, балдарыбызды мектепке жибере албайбыз. Менин улуу уулум он үчкө толду, кызым – тогузда. Алар мектеп жашында болгон менен, мектеп босогосун эч бир жолу аттай элек.

Бириккен Улуттардын качкындар агенттигинин Ирандагы өкүлүнүн айтымында, өзбек качкындарынын маселеси агенттиктин Ирандагы кеңселери тарабынан айрыкча иликтене баштады.
XS
SM
MD
LG