Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:44

Ооган президенти менен Индиянын премьер-министри регионалдык коопсуздукту камсыз кылуунун чараларын талкуулашты


Ооган президенти Хамид Карзай кечээ Кабулга сапар менен келген Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх менен регионалдык коопсуздук маселеси боюнча сүйлөштү. Кабулдагы биргелешкен маалымат жыйынында Карзай Индия менен Пакистан ортосундагы тынчтык регион үчүн өтө маанилүү экенин, андыктан үч мамлекет, Иран, Пакистан жана Индия, терроризмге каршы биргелешип күрөшүүлөрү зарыл экенин белгиледи.

Синх болсо Ооганстанды кабылына келтирүүдө Индиянын жоопкердиги тууралуу сөз кылып, ооган жериндеги бейпилдик регион үчүн негизги маселелердин бири экенин айтты:

- Биз Ооганстандын экономикасын көтөрүшүбүз керек. Бул өлкөдө демократиялык процесс дагы да жанданышы үчүн колубуздан келген бар аракетибизди аябашыбыз зарыл. Андыктан, эгер ооган өкмөтү бизге жардам сурап кайрылса, биз албетте жооп беребиз. Ооган эли ага кандай жардам керек экенин чечиши керек. Биз ага даярбыз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG