Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Израилде палестиндик жанкечти өзүн-өзү жардырып жиберди


Израил Газадан жана Иордандын Батыш жээгинен бир канча конуштарды алып чыгып кеткенден кийин, кечээ алгачкы ирет Израилде жардыруу болду. Палестиндик бир жанкечти Беэр Шева деген шаардагы аялдамада өзүн-өзү жардырып жиберди. Ондон ашуун адам жаракат алганы кабарланууда. Палестин лидери Махмуд Аббас бул террор актысын кескин айыптай турганын билдирди:

- Биз бул окуяны террор актысы деп билебиз. Биз бул чабуулдарды айыптайбыз жана тынчтыкка жетишүү үчүн бардык тараптарды сабырдуулукка чакырабыз.

Чабуулду палестиндик “Азапкерлер кошууну” менен «Ислам жихады» радикалдык топтору биргелешип жасашканын жарыя кылышты. Алардын айтымында, бул өткөн бейшембиде беш палестиналыкты өлтүргөн израилдик тарапка өч алуу катарында таанылышы керек.

XS
SM
MD
LG