Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Өнөр жайдын өнүкпөй калышы Аскар Акаевге байланыштуубу?


БИШКЕК. соңку он беш жылдын ичинде Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү экс-президент Аскар Акаевдин өнөр жайга болгон жеке көз-карашынын айынан төмөндөдү. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Борис Перфильев 29-августа Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Аскар Акаев мындан он жыл илгери республикалык жыйындардын биринде, Кыргызстан оор өнөр жайына муктаж эмес деген пикирин билдирген. Андан соң ушундай эле көз-карашты Акаевдин жан жөкөрлөрү айтышып, өлкөдө оор өнөр жайын өнүктүрүүгө жетишээрлик көңүл бурулган эмес. Ал эми Аскар Акаевдин мезгилинде жогорку кызматта иштеген, атын атагысы келбеген атуул «Азаттыктын» кабарчысына Аскар Акаев мындай пикирин өлкөдөгү орто жана чакан бизнести өнүктүрүү максатында айткан деген оюн ортого салды.

XS
SM
MD
LG