Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Президенттин Орусияга жасачу сапарында карыз маселеси талкууланышы күтүлүүдө


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев сентябрь айынын башында Орусия Федерациясына бир күндүк иш сапары менен барышы күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министринин КМШ иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Болот Мукашев билдирди. Алынган маалыматка караганда, Курманбек Бакиев иш сапардын учурунда президент Владимир Путин баштаган бир катар мамлекеттик ишмерлер менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы экономикалык маселелерди талкуулашат. Каржы министрлигинин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаевдин маалымдаганына караганда, бул иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын карыздарын реструктуризациялоо боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюлушу күтүлүп жатат. Кыргызстандын Орусияга карызы 180 миллион долларга чамалаш.

XS
SM
MD
LG