Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Айыл чарба азыктарынан алынчу кошумча нарк салыгы жоюлду


БИШКЕК. Кыргызстандын айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрүнөн алынуучу кошумча нарк салыгы жоюлду. Ошондой эле жакын арада өлкөдөгү киреше салыгынын өлчөмү азайтылат. Бул тууралуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов Эл аралык валюта корунун миссия башчысы Тапио Саавалайнен менен жолугушуу учурунда билдирди. Ошондой эле Кулов кыргыз бийлиги Эл аралык валюта кору менен жогорудагы маселелер менен катар, пенсия өлчөмүн он пайызга жогорулатуу тууралуу макулдашкандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG