Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Аба ырайы


БИШКЕК. 31-августта Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыш тараптан жумшак желаргы жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28 градус жылуу. Талас жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +21...+26 градус. Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +10...+15 градус жылуу, күндүз +25...+30 градус ысык. Ысыккөлдө түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24 градус жылуу. Тоолуу Нарын дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25 градус.

Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн +12...+14, ал эми күндүз +24...+26 градустун айланасында жылуу болот, деп кабарлашат Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG