Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Темир жолчулардын нааразылыгы уланууда


БИШКЕК. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилиги ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, «Потенциал» деген аталыштагы жоопкерчилиги чектелген ишканага белгисиз себептер менен 4 млн. 143 миң сом которуу жөнүндөгү келишимге кол койгондугу үчүн жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу темир жол башкармалыгынын жумушчулар профсоюзунун Башкы прокуратурага жолдогон арызында айтылган. Арызда белгиленгендей, Темир жол ишканасынын жетекчилиги ишкананын эсебиндеги акча каражатын жеке кызыкчылыктарын көздөп, башка ишканага которууда. Аталган ишкананын жумушчулар профсоюзунун өкүлдөрү билдиришкендей, учурда темир жол башкармалыгынын жетекчилиги жамаатта түштүк-түндүк маселесин көтөрүү аракетин да көрүп жатат. Ал эми ишкананын жетекчилиги мындай маалыматтарды четке какты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG