Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Жаңы конуштарга бөлүнгөн акча каражаты көбөйтүлөт


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев 29-августта өткөн кеңешмеде тиешелүү министрликтерден борбор калаадагы жаңы конуштардын инфрастуктурасын өнүктүрүүгө 400 млн. сом бөлүүнү өтүндү. Бул тууралуу 30-августта маалымат кызманынан билдиришти. 15-майда Бишкекте өткөн үй куруучулардын курултайында Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, жаңы конуштардагы инфраструктураны жакшыртууга мамлекеттен жана шаардык бюджеттен бөлүнө турган акча каражаттары көбөйтүлөөрүн маалымдаган. Буга чейин республикалык жана шаардык бюджеттен жылына жаңы конуштардагы жол куруу, мектептерди салуу, суу түтүктөрүн орнотуу сыяктуу иштерге 200 млн.сомго жакын акча бөлүнүп турган. Учурда Бишкектин чет жакаларында 27 жаңы конуш бар. Аларда 240 миңге жакын адам жашайт.

XS
SM
MD
LG