Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Жорж Буш Курманбек Бакиевди эгемендик майрамы менен куттуктады


БИШКЕК. 30-августта АКШнын президенти Жорж Буш Кыргызстандын өлкө башчысы Курманбек Бакиевге мамлекеттин эгемендик күнүнө карата куттуктоосун жолдоду. Анда бул жыл Кыргызстан үчүн тагдыр чече турган жыл болгондугу, өлкөдө демократияны өнүктүрүү үчүн чечкиндүү кадамдар жасалгандыгы тууралуу белгиленген. Куттуктоодо Жорж Буш Кыргызстандын президентине жетишилген жеңиштерди Конституциялык реформа аркылуу бекитүүдө жана башка татаал маселелерди чечүүдө колдоо көрсөтөөрү тууралуу билдирген. АКШнын президенти ошону менен бирге Кыргызстанга терроризмге каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтык мындан ары да өнүгө беришине ишенимин айткан. Ушул эле күнү президент Курманбек Бакиевдин атына Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата куттуктоолор Германиянын мамлекет башчысы Хорст Келлерден жана Индонезиянын президенти Сусило Бамбанг Юдоенодон да келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG