Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Өзбекстан Кыргызстанга газ берүүнү токтотту


Өзбекстан Кыргызстанга көгүлтүр газ берүүнү токтотту. Кечээ “Кыргызгаз” компаниясынын өкүлү билдиргендей, өзбек тарап менен кабыл алынган келишимге ылайык, өлкө дагы бир жыл бою газ жөнөтүп турушу керек эле, бирок эч кандай түшүрмөсүз эле аны токтотуп койду. Кыргыз бийликтери муну менен Өзбекстан жакындагы качкындар маселеси боюнча ырасмий Бишкектин аракеттерине нааразылык билдирип жатышы да мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

Анжияндагы кызыл кыргын учурунда 500дөй өзбекстандык атуул Кыргызстанга башпаанек издеп келген. Өзбекстандын аларды кайтарып алуу аракеттерине карабай, кийинчерээк качкындардын көпчүлүк бөлүгү Румынияга жөнөтүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG