Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Иракта миңден ашуун сунни Конституциянын долбооруна каршы нааразылыкка чыкты


Кечээ Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш, Ирактын Конституциясы боюнча талаш-тартыштарга карабай, өлкөнүн келечеги жөнүндө оптимисттик маанайда экенин билдирди. Документ жекшембиде Ирак парламентинде окулуп, анда көпчүлүк орунду ээлеген шийи мусулмандары менен күрттөр кол коюшкан. Бирок суннилер өздөрүнүн кызыкчылыктары корголгон жок деп, аны кабыл алуудан баш тартышты. Эми долбоор 15-октябрь күнү жалпы элдик референдумга коюлат.

Суннилер дүйшөмбү күнү да ал документтин референдумда эл тарабынан жактырылышына каршы экендиктерин, анткени ал Иракты бөлүп жара турган Конституция болоорун эскертишти. Ушул эле күнү Тикрит шаарында 1 миңдей сунни мусулманы көчөгө чыгып, Конституциялык долбоордун кабыл алынышына каршы демонстрация өткөрдү.

XS
SM
MD
LG