Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Чечен жарандарын өлтүргөн жана мурда акталган орус аскерлери кайра соттолушу мүмкүн


Орусиянын Жогорку сотунун аскерий коллегиясы Чеченстандагы иш боюнча мурда аймактык сот кабыл алган чечимди бүгүн жокко чыгарды. 2002-жылдын 11-январында Орусиянын атайын аскерий күчтөрүнүн төрт жоокери Ростов областында алты карапайым чеченди атып өлтүргөн, бирок кийин аларды сот актап чыккан жана алар жөн гана аскерий буйрук аткарган деген бүтүм чыгарган. Соттолгон төрт жоокер адам өлтүргөнүн мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG