Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Ливандын коопсуздук кызматтарынын мурдагы жетекчилери камакка алынды


Ливандын премьер-министри Фуад Саниора жарыялаганга караганда, Бириккен Улуттардын талабы менен бүгүн эртең менен өлкө полициясынын мурдагы башчысы, Жалпы коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси жана аскерий чалгындоо кызматынын мурдагы башчысы камакка алынды, ага чейин болсо Улуттук гвардиянын мурдагы жетекчиси да кармалган жана ал сурак бере баштады. Бул жогорку жетекчилер - үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Бейрут шаарында өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлтүрүлүшү менен байланыштуу кармалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG