Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Эгемендик майрамын Баткен районунун 70 жылдык мааракеси коштоду


БАТКЕН. Баткен шаарынын борбордук стадионундагы майрамдык салтанатты Баткен районунун акими Аляр Имаров ачып, район тургундарын 70-жылдык мааркеси, эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, облус губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитовго сөз берди. Облус калкын эгемендик майрамы менен куттуктаган губернатор, кыска сөзүндө үстүбүздөгү жылы өлкөбүздө көптөгөн өзгөрүүлөр болгонун жана мамлекетибиздин башына татыктуу инсан шайланганын баса белгиледи. Салтанаттын жүрүшүндө облустук администрация, район, шаараларынын мекеме-ишканаларынын ортосунда өткөн жетишкендиги үчүн мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Салтанаттын көрармандары жылдагыдан жупуну кыска мөөнөттөгү театрлаштырылган оюн-зоокко күбө болушуп, майрамдык салтанат андан ары жергиликтүү таланттардын ыр-бийлеринин коштоосунда жана улуттук күрөш менен уланды. Кечке жуук майрамдык салтанат эгемендүүлүктүн 14-жылдыгына жана Баткен районунун 70-жылдык мааркесине арналган жаштардын оюн-зоогу менен уланды.

XS
SM
MD
LG